“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Коңорчок: Ыр-бий ийриминин мүчөлөрү жаңы формалуу болушту

17 Май 2016 жыл 16:45
Көрүүлөрдүн саны: 217

Коңорчок айылындагы Н. Жыргалбекова атындагы орто мектебиндеги ыр-бий ийриминин мүчөлөрү жаңы форма менен камсыз болушту.

Ийрим жетекчиси А.Кожоевдин айтымында, форманы ата-энелер демөөрчүлүк кылып, 50 миң сом акча каражатына айылдагы чакан кийим тигүү цехине буйрутма аркылуу тиктирип беришкен.

DSC_0211

DSC_0213

Бул ата-энелердин биринчи жолку көмөгү эмес. Учурда ийримде 50гө жакын окуучу Манас айтуу, улуттук аспаптарда ойноо, ыр-бий багыттары боюнча сабак алышат.

DSC_0235

DSC_0268

Жакында  өткөн “Жаш талант-2016” кароо-сынагында улуттук бийлер боюнча байгелүү орунду камсыз кылышкан.

Даярдаган: Айпери Мирлан кызы, Кубанычбекова Калида

Сынак үчүн