Бүгүн Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебиндеги Акыркы коңгуроо салтанатына мектепти 1995-1996- окуу жылында бүтүп кеткен окуучулар да катышты. Өз сөздөрүндө окуп кеткен мектебине, билим-тарбия берген мугалимдерине ыраазычылык билдиришти.

Мындан 20 жыл мурда мектептин уясынан учкан окуучулар учурда ар кыл кесиптин ээси болуп, турмуштан ордун таап, эл жерине кызмат кылып жаткан инсандар. Бул жолу аталган бүтүрүүчүлөр райондун тарыхында биринчи жолу мектепке женил автоунаанын ачкычын мектеп директору Ч.Рысбаевага тапшырышты.


Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким С.Черикбаев: “Сиздердин бардык маселенер мага тааныш. Окуучуларды ар кандай иш чараларга алып барууда дайыма маселе жаралат. Мына ошондой учурларда сиздердин керекке жарасын деп ушул автоунааны белекке тапшырып жатабыз ” дейт. Белгилей кетсек район башчысы аталган мектептин бүтүрүүчүсү.
Даярдаган: Г.Мамытбекова