Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде “Акыркы коңгуроо” салтанаты мугалимдердин, ата-энелердин,окуучулардын, 10-20-жылдык бүтүрүүчүлөрдүн жана бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда белгиленди.


Көпчүлүктүн колдоосу менен 11-класстын окуучулары жана 10-20 жылдык бүтүрүүчүлөр салтанат янтына чакырылды. Мектеп директору иш чараны расмий ачкан соң куттуктоолор айтылып, алдыңкы мугалимдерге, окуучуларга грамоталар тапшырылды.

“Эркин микрофон” берилгенде бүтүрүүчүлөр мугалимдерине, ата-энелерине ыраазычылык билдиришип, келечектин мыкты ээлери болорунан убада беришти.
Мындан көп жылда мурда бүтүп кеткен окуучулар да агай-эжелеринин берген билиминин натыйжасында мыкты адам болуп калыптанганын баса белгилешти.

Ал эми 1-класстын окуучулары ыр-бий тартуулашып, келгендердин маанайын көтөрүштү. Салтанат салт болуп калганда конгуроо добушу менен сонуна чыкты.
Белгилей кетсек быйыл мектепти 35 гана бутуруучу аяктап жатат.
Даярдаган: Калида Кубанычбекова