“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Бүтүрүүчүлөр мектепке спорттук каражаттарды белек кылышты

28 Май 2016 жыл 6:14
Көрүүлөрдүн саны: 213

Ш.Бейшеналиев  атындагы орто мектебинин 2005-2006-окуу жылында аяктаган бүтүрүүчүлөр өздөрү окуган мектебине спорттук кийим жана волейбол, футбол оюндары үчүн топторду белекке беришти.
DSC_0075

DSC_0072Мектептин аты жазылган кийимдерди кийген окуучулар келген элдин алдында чакан жүрүш жасады. Бүтүрүүчү Ринат Абдиев  “окуучулар аралык өткөрүлгөн райондук  спорттук иш-чараларда биздин балдардын ар түрдүү формасын  көрүп жүрөбүз. Жана сабакта, бош убактарда ойнойлу десе топ жок болуп калган учур көп болот.”  дейт.

Даярдаган:  Калида Кубанычбекова