Үгүт айылындагы М.Баетов атындагы орто мектебинде окуучулардын ысык тамагы үчүн көмөкчү чарба түзүлгөн. Тактап айтканда 30 сотых жерде жашылча –жемиштин дээрлик көп түрүн: капуста, кызылча, сабиз, ашкабак, баклажан ж.б өстүрүшөт. Бул гана эмес алманын жана алмуруттун көчөттөрү тигилген.
Аталган иштер Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын негизинде колдоого алынган. Ал эми буларды айдап-себүү, багуу, убагында карап сугаруу өңдүү иштерди жалпы мектеп жамааты бирге жасайт. Сугаруу демекчи, жашылча-жемиш аянты тамчылатып сугаруу ыкмасы менен ишке ашат.

Бул тууралуу мектеп директору С.Абдраева: “Кенже класстарга башында чай нан эле берилчү. Кийин жергиликтүү бийлик менен бирге бул маселени көтөрүп чыгып, тамак-аштын менюсун бирге түзүп чыктык.Ошондо ар бир окуучунун курсагы 10 сомго тойгузууга болорун билдик. Ата-энелерге күч келтирбейли деп Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасына долбоор жазсак колдоого алынды. Анан минтип көмөкчү чарбаны баштадык” дейт. Мектепте билим-тарбия берүүдөн башка дагы чарбалык иштерди демилгелүүлүк менен аткарып жаткан мугалимдердин иши мактоого татырлык.

Даярдаган: Г.Мамытбекова