Үгүт айылындагы М.Баетов атындагы орто мектебинде тамак-ашка кошулуучу витаминдүү көк чөптөр атайын карапаларда өстүрүлөт.

Адатта күндү жана жылуулукту сүйүүчү бул чөптөрдү парник сыяктуу сээп алышып, андан соң суукта жана жаанда үшүп өнбөй калбаш үчүн мектептин ичине, окуу бөлмөлөрүнүн терезелерине коюшкан. Мектептин тарбия иштерин уюштуруучу Ч.Акималиева: “Азыр күн аябай деле ысый элек. Анын үстүнө жаан көп жаап жаткандыктан ушинтип карапаларда өстүрүп жатабыз. Өзүңөр билгендей көк чөп т витаминдүү келип,тамак ашка кошулат” дейт.
Даярдаган: Г.Мамытбекова