“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Үй-бүлөлүк капчыктагы каржыны кантип бөлүштүрөбүз?

4 Июнь 2016 жыл 20:56
Көрүүлөрдүн саны: 183

Учурда үй-бүлө капчыгына каражат айлык маянадан ишкерликтен, пенсия, пособиеден, чарбачылыктан  түшүп   турат. Ошол келген каражатты Акталаалык үй-бүлө  кантип кармайт жана бөлүштүрөт. Баетов айылынын тургуну, финансыны башкаруу адиси Бакыт Карыбеков тапкан каражатынын  70 пайызын гана керектөөлөрүнө жумшай турганын айтты.

DSC_0816

Менин бир  Айлык кирешем  он миң сом  болсо, анын 10 пайызын же 1000 сомун  келечекке деп калтырам. Дагы 10 пайызын майда-барат, алыш-беришке, үчүнчү 10 пайызын  көрүнбөгөн чыгымдарга жумшоо  үчүн бөлүп коем.Калган 70 пайызды таза киреше деп эсептейм. Ал эми  калганын  күнүмдүк керектөөлөрүмө жана  электр энергиясына,  коммуналдык кызмат  көрсөтүүлөргө  жумшайм.

Албетте муктаждык болбойт деген  үй бүлөнү кезиктирүү кыйын. Бирок  пейил оң болуп, акчаны туура пайдаланса жеткирүүгө болот дейт Баетов айылынын тургуну, жалгыз бой эне Женишкүл Бактыбай кызы.

джеки фото

Өзүм жалгыз бой энемин. Уч кызым бар. Улуусу студент, кичүүлөрү мектеп жашында. Ушул эле айлыгым  менен кредит төгөм, жакшылык-жамандык  деген болот, ага барам. Ай сайын күнумдүк тамак-ашты эле албасам, бир кап унду 3-4 ай пайдаланам.Чоң  кызымдын батир акысына жардам берем.

Баарына айлыгынызды кантип жеткиресиз?

Экономдоп оокат кылыш керек. Азыр элдин баары экономист. .Ар бир үйдө  бирден экономист бар. Пейилди кенен коюп, шүгүр кылсак баарына жетет.

Ал эми Кайынды-Булак айылынын тургуну Табылды Байбагышов үй-бүлөлүк капчыктагы каражатты  үнөмдөө  кыргыздарга кыйынырак деген ойдо.

Капчыктагы каражатты бөлүштүрүү кыргыздарга кыйын эле. Анткени кыргызчылык деген бар. Жамандык-жакшылык, кошумча кошуу дегендей. Анын баарын пландаштыра албайбыз. Анткени күтүүсүз тойго чакырып калат же жамандыкка барыш керек болот.Ошондо пландан тайып кетет. Бирок пландаса болот.

Үйбүлөлүк каржыны пландоону  массалык эрежеге айландыруу керек. Ал үчүн атайын окуунун кажети жок. Жөн гана акчаны ой келди чачууну токтотуу зарыл.Анткени базар экономикасы акырындап ошого түрткү берип жатканын тана албайбыз. Ошентсе да акчаны  бөлүштүрүүдө балдарга мыкты билим берүүнү унутта калтырбайлы. Анткени билимге жумшалган акча эртең кайтарым берери шексиз.

      byudzhet-buttu

 

Даярдаган: Гүлбарчын Мамытбекова