“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жаа тартып, куш салган Гүлмира

4 Июнь 2016 жыл 19:45
Көрүүлөрдүн саны: 174

Аянова Гүлмира-Кайыңды-Булак айылынын тургуну. Ата-бабанын жолун улап, жаа тартып,тайган агытып,  куш салуу  менен  алектенип келет.

FB_IMG_1464449508546

Кесиби фельдшер экендигине карабастан 2015-жылдын  октябрь айынан бери   машыгып, ар кандай иш чараларга жигердүү катышып, намыс коргоп келе жатат. Гүлмиранын мындай аракети ийгиликтерге жеткирүүдө. Ата-бабалардан калган өнөрдү өнөрдү өчүрбөй, улантып, кийинки муунга өткөрүп берүүнү максат кылган айым  Нарын облусунда өткөн Салбуурунда 3-орун, Талас облусундагы Салбуурунда  2-орунга татыктуу болгон.

FB_IMG_1464449495485

Кандайча бул мурасты аздектеп, өнөр улап калганын каарманыбыз мындай түшүндүрдү:  “Бул ыйык өнөр тайларыман калса керек. Анткени таятам  Касмаалы учурунда мүнүшкөр адам болгон. Бүркүт таптап, тайган агытып,  жокчулук заманда бири уруу журтту мүнүшкөрлүгү менен баккан экен. Таятамдын 1 уул, 3 кызы болгон. Уулу Касмаалы ата жолун жолдогону менен, анын жолун улаган уулдары болгон жок. Улуу өнөр  тукум кууп, муундан-муунга өтөт дегендин чындыгы бар окшойт. Минтип тайларымдын жолун улап, жаа тартып калдым ”.  Кыргыздын кыраандарынын катарын толуктап турган  мыктыларды берген  касиеттүү Ак-Талаа жергесинде  улуу мурасты аздектеген,  өнөрдү улаган жаш улан-кыздардын жоктугу ойлондурбай  койбойт.

Даярдаган:   Г.Мамытбекова