“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жаш ишкердин жаңы максаты

8 Июнь 2016 жыл 20:46
Көрүүлөрдүн саны: 165

Биздин күнүмдүк  жашообузда ишкер деген  түшүн үктүн  киргенине  аз убакыт  эмес убакыт болду. Албетте ишкердүулүктүн көп түрү бар. Эгер жеке ишкер  деген өзүнө аныктама бере турган болсок анда бул- бул юридикалык формалардын төмөнкү тепкичи. Демек жаңы ишкерлик баштагандар ушул тепкич менен жүрүп отурат. Баетов айылынын  28 жаштагы тургуну, эмеректерди жасоочу  кичи  ишкананын ээси, Ниязов Айбек          ишканада  жыгач менен иштөөгө басым коебуз дейт.

DSC_0960

10 жылдан бери мебель менен иштеп келатам.Көбүнчө жыгачка басым коебуз.Эшик, терезе, мебелдин бардык түрүн жасайбыз.

DSC_0938 DSC_0949

Эмерек жасоочу каражаттарды кайдан аласыздар?

Бишкектен алып келебиз. Кургатылып, даяр келет. Россия соснаныснан жасалат. Бутагы азырак келет.

Эмерек жасоо менен эл кызматында келаткан  кичи ишканада  кардарлар көбүнчө күнүмдүк тиричиликке колдонуучу буюмдарга буйрутма беришет. Кардарларга туура мамиле жасап, алардын кызыкчылыгын  ойлоо ийгиликке жеткирет. Баетов айылынын тургуну Каниева Назира  жеке ишкердин ишкердүүлүгүндөгу  айрым жагдайларды белгиледи.

20160606_223557

Бул цех  туралуу угуп келип ашкана  жана компьютер үчүн стол заказ берип жасаттым. Оюмдагыдай жасап беришти. Өзүлөрү жаш болсо да кардарларга жакшы мамиле  жасашат экен. Бир артыкчылыгы акысын 2-3кө бөлүп төлөөгө мүмкүндүк беришти. Сага женил болду. Дагы заказ берейин деп жатам.

Каарманыбыз   жыгач устачылык боюнча атайын билим алган эмес. Учурунда Россияда иштеп акча топтоп, өз каражатына  ушу кичи ишкананы ачкан.  “Акча барын чечет. Бирок бизге жасалган эмеректин сапаты маанилүү дейт”

DSC_0937 DSC_0943 DSC_0953

Мен 2004-жылы бир адамдын кол алдында иштеп, ошол жерде эмерек жасоону үйрөнгөм. Андан сон Россияга барып акча топтоп келип, станокторду  сатып алдым. Биз кичине нерсе жасасак да сапатына көңүл коебуз. Алдыдагы максатыбыз бул жерге устачылык боюнча окуу курсун ачуу. Жаны окуу жылы менен чечилип калат деп күтүп жатабыз.

Баардык ийгиликтин сыры ошол ийгиликти жараткан адамдын адамдык сапатынан көз каранды болот. Эгер сенин башкалардан он эсе акылдуу болгонуӊ менен айланадагы адамдар менен тил табыша албасаӊ, алардан өзүӊдү жогору койсоӊ, өз кызыкчылыгыӊдын артынан түшүп алсаӊ ийгилик жарата албайсыӊ. Жаратсаӊ да анын өмүрү өтө кыска болот. Андыктан уучтап акча кармасак да адамдык сапатыбыз эсибизден чыкпасын.

      ishker-dayar

Даярдаган:  Г.Мамытбекова