“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

“Бирге окуйбуз” долбоорунун окуу лагери жайлоодо өтүүдө

12 Июнь 2016 жыл 11:17
Көрүүлөрдүн саны: 699

“Бирге окуйбуз”  долбоору  айылдын жана мектептин шартына туура келген  учурларда өткөрүлүп турат.    Райондук билим берүү бөлүмүнүн сунушу менен  окуу лагери А.Абдраимов атындагы орто мектебинин кенже классынын окуучулары    үчүн  Балатапан жайлоосунда өтүп жатат.

DSC_0768

20160607_122333

Бул жерде боз үй тигилип, аталган долбоордо атайын билим алган менторлор (мугалимдер)   сабак өтүшөт,ар кандай кыргыздын улуттук оюндарын ойнотушат. Окуу лагеринде ылайыкталып  балдардын колунан жасалган буюмдар көргөзмөгө коюлган.Ар кандай жомок  китептерди окушат.

20160607_115921

20160607_115935

20160607_122325

Аталган жайлоодо  жыйынтыктоо семинары болуп, ага долбоордун Нарын облусундагы өкүлдөрү катышты. Семинардын жүрүшүндө кызыктуу оюндар  болуп,  балдар ар кандай жомокторду коюп, өнөрлөрүн тартуулашты.

DSC_0969

ЮСАИД дин «Бирге окуйбуз» долбоорунун облус боюнча мобилизатору Т.Осмокеева долбоордун максаты тууралуу: “Өзүнөр билгендей бизде билим сапаты  салыштырмалуу төмөн. Ошондуктан  билим берүүнү реформалоо боюнча  стратегиялык план иштелип чыккан жана изилдөөлөр ата-эне бала менен бирге окууга көңүл бурбай тургандыгы аныкталган. Ошол себептүү ата-эне жок дегенде 10 мүнөт бөлүп, китеп окуп, убакыт бөлсө, бала сөзсүз ийгиликке жетишет. Китеп окууга кызыгуусу артат”  дейт. Семинардын  аягында катышуучулар  менен бирге кыргыздын  упай оюну ойнотулду.

DSC_0239DSC_0189

DSC_0206

Даярдаган:. Г.Мамытбекова