“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Тарбиячылар жана уюштуруучулар үчүн окутуу өткөрүлдү

12 Июнь 2016 жыл 14:28
Көрүүлөрдүн саны: 149

Жай бою иш алып баруучу  “Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун”  тарбиячылары жана уюштуруучулары, жайыт комитеттеринин өкүлдөрү  үчүн  атайын окутуу өткөрүлдү.

DSC_0766 DSC_0770 DSC_0772

Анда аталган борборлордун балдар үчүн мааниси, өткөн жылы жетишилген ийгиликтер, жасалган иштер тууралуу  катышуучуларга видеожүгүртмө  аркылуу көрсөтүлдү.

DSC_0796

Андан соң  тарбиячылар топторго бөлүнүп, баланын психологиясы, туура  тарбиялоого байланыштуу  тапшырмаларды аткарышты. Жайлоо бала бакчаларын ачуу  “Роза Отунбаеванын  демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, Жайыт департаменти, билим берүү борборлору, мекемелери  менен кызматташтыкта иш алып барат. Мындай окутуулар  Нарын облусунун  бардык  райондорунда болот.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова