“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Курман болгон кесиптештерди эскеришти

14 Июнь 2016 жыл 15:31
Көрүүлөрдүн саны: 168

Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмундө кызмат учурунда каза болгон  милициянын ага сержанты Орозбаев Самүдүн жана  старшина Нургушаев Рыскулбекти  кесиптештери эскеришти.

DSC_0077

DSC_0044

Аталган иш чарага облустагы жетекчилиги, райондордогу бөлүмдөрдүн өкүлдөрү, ардагерлер    жана   жакындары катышты. Алгач   маркумдардын арбагына багышталып куран окулду.

DSC_0053

DSC_0060

Андан соң  Орозбаев Самүдүндун жубайы Салыкеева Чүрөк  эскерүү  өткөрүп жаткан кызматкерлерге  ыраазычылык билдирди.

DSC_0078DSC_0003Райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары,полковник К.Бугубаевдин айтканына караганда мындай  эскерүү иш чаралар мезгил-мезгили менен өткөрүлүп турат. Анткени кийинки муунду патриоттуулукка, Мекен үчун кызмат кылууга  тарбиялоо  милдет.

DSC_0090

Эске салсак; 1956-жылы туулган Орозбаев Самүдүн 1992-жылы  кызмат учурунда кылмышкердин огунан  каза болгон.  Ага көзү өткөндөн кийин   “Милициянын отличниги”    наамы ыйгарылган. Ал эми  Нургушаев Рыскулбек 1988-жылы   40 жашында күтүлбөгөн жерден дүйнөдөн кайткан. Милициянын старшинасы Р.Нургушев кылмыштуулук жана коомдук коопсуздукту  сактоодо кошкон салымы үчүн учурунда “Милициянын отличниги”  төш белгиси менен сыйланган.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова