“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Боек тандоо-өзүнчө чеберчилик

4 Июль 2016 жыл 12:28
Көрүүлөрдүн саны: 196

Өмуркулов Залкар  Баетов айылынын тургуну, таланттуу жана профессионал  сүрөтчү.

DSC_0031

Чейрек кылымдан бери Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде балдарга сүрөт сабагынан сабак берет. Сүрөтчунүн кыл калемине таандык сүрөттөр өзүнчө галареяны түзөт.Айтканына караганда бала кезден сүрөтчү болууну кыялданчу. Кээде көрүп, кээде ойлонуп тарта берет.

DSC_0013 DSC_0019 DSC_0023

Бирок кандай сүрөт тартпасын боек тандоодо кылдат мамиле кылат. Анткени ал  көп нерсени чечип коет. Буйрутма боюнча портрет да тартат. Тарткан картиналарын сатыкка койсо, айрымдарын белекке берет. Ал эми  баасы   шаардыкына   салыштырмалуу кыйла эле арзан.  Каарманыбыз  “Жылкы баласын тартканды жакшы көрөм, тажабайм. Канча ирет тартканым да эсимде жок.  Ушу жаныбарды тартып жатканда өзунчө бир эргүү келет. Балам, кызым да сүрөттү жакшы тартышат.”

20160620_190648 DSC_0004 DSC_0010Айылдык сүрөтчү эмгектеринде боектун бардык түрүн колдонот. Тартуу үчүн керектүү материалды шаардан буйрутма менен алдыртат. Мектепте өзү окуткан балдар  ар кандай сүрөт сынактарда алдынкы, байгелүү орундарды камсыз кылып келатканын сыймык менен  белгиледи.

Даярдаган:   Г.Мамытбекова