“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Кароосуз калган бассейн пайдаланууга берилди

4 Июль 2016 жыл 16:40
Көрүүлөрдүн саны: 156

Бир канча жылдан бери кароосуз   калып, мал жандыктардын оттоочу жайына айланган бул бассейн кайрадан пайдаланууга берилди.

DSC_0368 DSC_0424

Жаштардын күчү жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен айланасы тосулуп, тал-теректин көчөттөрү отургузулду. Жакында аталган эс алуу  жайынын салтанаттуу ачылышы болуп, ага айыл жаштары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева катышты.
DSC_0385

DSC_0377Лента кесүү расмисинен кийин келген  меймандар  куттуктоо сөз сүйлөштү.

DSC_0389

Ак-Талаа районунун акими С.Черикбаев “ бассейн жаштардын ден соолугун, алардын ынтымагын  чындай турган  мыкты  эс алууучу  жайга айланат деп ишенем. Азыр да оной эмес иш жасалды. Буюрса бассейндин бир бөлүгүн кышкысын муз тебүүчү аянт   кылалы   деп максат коюдабыз. Ал эми суусун таза сууга алмаштырабыз. Бул боюнча маселе чечилген  деп белгиледи.

DSC_0398

Ал эми Ж.Ибраева:   Биз азыр эле Сары-Жыгач жайлоосунда жакшы саамалыкка күбө болуп келдик. Бул бассейнди ачуу да колдоого аларлык иш. Биз силердин жаштар жасап иштерди башкаларга улгу кылабыз. Бул жай айыл тургундары үчүн  эс алууга ынгайлуу жер болот деп ишенем дейт.

DSC_0412

“Финка”   микрокредиттик компаниясынын өкүлү   Ф.Джумабеков  аталган компания жаштардын демилгелерин колдоп келгендигин айтып, сууда сүзүүгө керектүү желим бумдарды  тапшырды. Ачылыш аземинен соң жаштар арасында сууда сүзүү боюнча  мелдеш өтүп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилди.

DSC_0435

DSC_0466

Жаштар комитетинин төрагасы  Токторбек уулу Тимурдун айтымында  сууга түшүү үчүн 20 сом өлчөмүндө бир саатка акы төлөнөт.

Даярдаган: Г.Мамытбекова