“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жардамга муктаж балдарга колдоо көрсөтүлдү

4 Июль 2016 жыл 16:46
Көрүүлөрдүн саны: 168

Баетов айылындагы  ата-энесинен  ажырап, жакындарынын багуусунда турган 7  балага “Финка”   микрокредиттик компаниясы  чакан белектерди тапшырды.

DSC_0413 DSC_0418

Балдардын бардыгы тең мектеп жашында.  Алар атайын жаштар комитетинин салтанатына чакырылган. Аталган кредиттик компаниянын өкүлү   Ф.Джумабеков:   “Биз  ар дайым жакшы демилгелер менен бирге  багуусунан ажыраган балдарга колдоо көрсөтүп келебиз. Анткени улуу муундар  балдар үчүн, алардын келечеги үчүн жоопкер экендигибизди биле жүрүшүбүз керек”   дейт. Жайкы эс алуу маалы болгондуктан балдардын айрымдары катышкан жок.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова