“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаадагы алгачкы жайлоо лагери

19 Июль 2016 жыл 15:38
Көрүүлөрдүн саны: 259

Быйылкы жайда Сары-Жыгачта балдар үчүн лагерь ачылган. Аталган жер Жаңы Талап айыл өкмөтүнө тиешелүү болуп, Сөң-Көл жайлоосуна жакын жайгашкан. 1-июлдан бери 75 бала эс алды. Алар 4 мал ысык тамак ичишет. Эс алууга келген балдарга тариячылар сабак өтүп ар кандай спорттук оюндарды өткөрүшөт. Лагерде бардык эмеректер керебет, жууркан-төшөктөр Кара Ой “Адис Адилет“ бала бакчасынан алынып келинген.

DSC_0059

 

М.Күренкеев атындагы музыкалык окуу жайдын студенттери Өмүркулов Бексултан жана Эдил уулу Арсен жайкы лагерге музыка сабагынан мугалим катары практикага келишкен. Алар: ”Бириинчи жолу практикага чыктык бул жакка “Роза Отунбаеванын демилгеси” Коомдук фондусу аркылуу келдик. Тилекке каршы биздин практика бүттү, кайра суранып келгени аракет кылабыз”.DSC_0006

Ал эми 6- класстын окуучусу Асылбек уулу Эмир бул лагерде эс алуу кызыктуу жана көңүдүү өткөндүгүн жана дагы эс алууга дагы келээрин кошумчалады.

DSC_0163

Бул жакта иштеген тарбиячылар эмгек акы албастан иштешет. Адилет бала-бакчасынын тарбиячысы Токсобаева Саадабүбү: “Балдар үчүн баарыбыз милдеткербиз андыктан алардын бул жердеги эс алуусу жакшы өтүш үчүн болгон аракетибизди жумшап эмгектенип жатабыз” дейт.

DSC_0151

Бул лагердин иштеп жатышында Алымбаева Жылдыздын эмгеги чоң. Күн алыс коңшу турган Жаны Талап айылына каттап балдардын тамак-ашын нан азыктарын даярдап алып келет. “ Биздин райондун балдары үчүн аябай эле жакшы болду. Ушул баштаган ишти ушул жылы эле таштап койбой мындан ары улантып кетүүбүз керек . Ал үчүн демөөрчү издеп, эс алуу шартын дагы жакшыртуу биздин негизги максатыбыз.Тамак-ашты казанга жазагандыктан отун жагынан бир  аз кыйынчылык болду”.

DSC_0409

Балдардын коопсуздугу, убагында эс алуусу, тамак ичүүсү учун болгон аракетин жумшап келет. Лагердеги балдар 6 күн эс алышып бул аралыкта 2 жолу айланасындагы кооз жерлерге экскурсияга чыгышат.

DSC_0196 DSC_0261

Ар кандай коомдук уюмдардын өкүлдөрү лагерге демөөрчүлүк кылышат. Балдар спорт мектебинин өкүлдөрү лагерге келишип , оюн уюштурушту.

DSC_0319

Оюн жыйынтыгында жеңүүчү командаларга грамоталарды тапшырышты.

Даярдаган: Кубанычбекова Калида

Тренер : АА

сынак үчүн