“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Малдын шарп ылаңы коркунучтуу

19 Июль 2016 жыл 13:10
Көрүүлөрдүн саны: 320

Учурда айыл чарба малдарынын арасында жугуштуу оорулар көп кездешет. Алардын айрымдары ооруну  өз алдынча аныктай албай зыян тартышат.

Ак-Талаа райондук ветеринардык дарт аныктоо борборунун сектор башчысы  А.Кубатова тез жугуучу шарп ыланы жөнүндө айтып берди:

DSC_0878

 

Шарп туяктуу жаныбарларда кездешчү  эң коркунучтуу, тез тарай турган, курч өтүүчү оору. Бул ылаң калтыратмага чалдыккан, ооздун былжыр челин,  желинди, буттарын  терисин авталарга дуушар кылуучу ылаң болуп эсептелет. Оорунун эпизотологиясы- көбүнчө малдардын жашына карабастан  бодо мал, чочко, кой, эчки жана жапайы ача туяктуу жаныбарлар ооруйт. Ылаңдын негизги булагы болуп дарттуу мал болуп эсептелет. Вирус сырткы чөйрөгө көбүнчө ооздогу ыйлаакчалардын сары суусу, заарасы, сүтү менен бөлүнүп же жем чөптөн, шаймандардан, малчылардын кийими аркылуу тарап кетишине шарт түзөт. Оорунун клиникалык белгилери 2-7 күнгө созулат  жана тез өөрчүйт. Бардык айыл чарба малдары ооруйт. Малдын температурасы 40 градуска чейин көтөрүлүп, тоют жебей калат. Малдын дарттанган жерлеринде ыйлаакчалар пайда болот. Ыйлаакчалар кой, эчкилердин салаасында, ал эми уйдун ооз көңдөйүндө, желинде, муундарында  кездешет.Шарп оорусу  менен бооз мал ылаңдаса, анда   бала  салып коёт. Бул негизи уйларда деле ушундай. Оорусу ырбап кеткен учурда мал өлүмгө учурайт.

667BA7E2-69B4-4123-A06D-80F3ED5A94A3_cx1_cy7_cw98_w610_r1_s_r1

Сүрөт интернеттен алынды

Диагноз лабораториялык жол менен коюлат. Андан кийин алгач ооздун ичин 3 % көк таш, уксус кислотасынын эритмеси,  20% балык майы  ооздогу жараларды, исиркектерди  айыктыруу үчүн колдонулат. Ал эми желиндин учундагы ыйлакчаларды жараларды дарылоо  үчүн стрептоцидд, тетрацклин  ж.б дары каражаттары колдонулат.  Алдын алуу үчүн ыландаган малды оз убагында аныктап, дарылоо керек. Ветврачка дароо билдирип, карантин жарыяланыш керек  жана  мындай учурда сырттан мал алып келүүгө тыюу салынат. Дарылап жаткан адам да өзүнө жугузуп албаш үчүн сактанып, халат, атайын бут кийимдерди кийиши керек.  Мал жаткан жерлерди тазалап, дезинфекциялоо керек.

1023151823

Сүрөт интернеттен алынды

Тарыхына токтолсок, шарп оорусу 1546-жылдары Италияда катталган. Кыргызстанда 4-5 жылдан бери күч алып келет.

Даярдаган: Кубанычбекова Калида

сынак үчүн