“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Тайлак баатырдын 220 жылдыгына даярдыктар көрүлүүдө

20 Июль 2016 жыл 10:31
Көрүүлөрдүн саны: 139

Тарых жана Маданият жылына карата  29-июлда Сон-Көл жайлоосунда Тайлак баатырдын 220 жылдыгы  республикалык денгээлде  өткөрүлгөнү турат. Бул мааракеге райондогу маданият кызматкерлери кызуу даярдыктарды көрүшүүдө. Райондук маданият үйүнүн директору  Б.Дүйшеева:

DSC_0759

“Азыркы убакта биз кызматкерлер менен көп иш чараларды даярдап  жатабыз. Айрымдарын көрөрмандарга тартууладык.Тайлак баатырдын 220 жылдыгына  арналган эки бөлүмдөн турган концерттик программабыз  менен Бишкек шаарында элге көрсөтүп келдик. Программаларды жогорку денгээлде даярдоо үчүн режиссер менен иштешип жатабыз. Мааракенин алкагында  оюн-зооктор, сулулар сынагы  өткөрүлөт. Ошондой эле Кемин районунун жигиттери менен Ак-Талаанын кыздарынын    “Сармерден”  кыз-жигит оюну өтөт. Ал эми каражат жагынан бир аз кыйналыш  болуп жатат. Биз борбор  шаарына барып койгон концерттен түшкөн каражатка  жаңы кийим тиктирдик”.   Учурда  ар бир айылдык клубдардагы кызматкерлер менен бирге репетиция жүрүп жатат. Айрым сахналык көрүнүштөр жана массовка үчүн кастинг менен кыз-жигиттер тандалып алынып жатат.

Даярдаган:  К.Кубанычбекова, А.Касмалиева