“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ишкердиктин жаңы түрү-элдин кызматында

25 Июль 2016 жыл 16:16
Көрүүлөрдүн саны: 266

 Учурда ишкерликти эңсегендер  же өз алдынча иш жасоого кызыккан жаштардын  катары көбөйдү. Көпчүлүгү ишкерликтин  көнүмүш түрлөрү менен алектенсе, айрымдары жаңы демилге менен кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүн сунуш кылышууда.  Мисалга алсак   Баетов айылында жакындан бери  жумушсуз жаштардын башын бириктирген, үй жыйнагандан тартып, кой союп конок тосууга чейин жасалуучу кызматтарды  көрсөтүүчү Ашар  kg кызматы ишке кирди. Биринчи  максаты  элге кызмат көрсөтүү болсо, экинчиден  каражат таап, турмуш тиричилигин тыңдоо. Албетте жаңы иштин түйшүгү күч  жана көп аракетти талап кылары белгилүү. Мындай ишти демилге кылып, уюштуруп, аз убакыттын ичинде эл оозуна алынган Каныбек Жусубалиев ишкерликтин   жаңы түрүн баштоодогу кыйынчылыктар жөнүндө айтып берди.

DSC_0931

DSC_0933

Балдарды  таап,чогултуу кыйын болду. Реклама кылдык. Айрымдары туура эмес көруштү. Башында 15 киши иштедик. Там салабыз, чөптө иштейбиз. Элде эмне жумуш  болсо баарын жасайбыз.Аял жумуштарды жасачулар бар.  Үй актап, сырдап,жууп тазалап беришет. Мал соебуз. Койду союп, бузуп беребиз. Башын куйкалап, ичеги- кардын  артып беребиз. Баасы 250. Ал эми бодо малдыкы  1500 сом. Муну да ичеги-кардын жууп беришет.  Чөптү бир даанасын 4 сомдон жыйнап, 4 сомдон түшүрөбүз. Үйдү актап сырдоо чарчы метрине жараша  50 сомдон жогору.

Ишкерликтин  мындай көнүмүш эмес  түрү башкача айтканда үй ремонттоо, курулуш иштерин жасоо кызматтары   абдан керек. Анткени айылдын социалдык  абалын  жакшыртууга жардамы чоң  дейт  Баетов айылынын тургуну  Нураева Гулзина:

DSC_0920

 Баетов айылында ачылган Ашар KG  кызматынын ачылганы жакшы эле шарт  болду. Биринчи эле кызматта жүргөн адамдар жулбай же муштарын жасай албай же күчү жетпей калганда бул кызматтын жардамын пайдаланып жатышат. Уйлөрүн актатып, кийиз жасатып, аялдар акысын төлөп коюп дегендей. Жакшы социалдык жардам болуп жатат.

Быйылкы жай айларында жаан чачын көп болгондугуна байланыштуу чөп чабуу, аны сапаттуу жыйнап, жыйып алуу иштери кыйынга турууда. Мына ушундай учурда бул кызматтын жардамы абдан чоң. Акысын кааласан келишимдик же сүйлөшүү жолу менен чечип алсан болот дейт Байышбек уулу Белек.

DSC_0926

Ашар KG  кызматынан пайдаланган жакшы, ынгайлуу экен. Баалары да сүйлөшүү жолу менен. Булардын бир жакшы жери айткан кызматын айткан күнү, айткан саатта жасап бүтүрүшөт. Бул балдардын кызматы бизге аябай эле керек болуп жатат. Күн жаан-чачындуу болгондуктан, чөбүбүздү чиритпей, талаада калтырбай, күн ысыкта кууратпай, өз учурунда жыйнап алууда жакшы жардам берип жатышат.

Ишкерликти тобокелге салып аткарыштын кыйынчылыгы көп адамдарды чочулатып келатканы да жашыруун эмес.Бирок өкмөттө  жумуш жок же баштаганым ишке ашпай калсачы деп алакан жайып отура бербей элге да, өздөрүнө да пайда алып келүүчү ишкерлик менен элге кызмат көрсөтүп келаткан Ашар KGге ийгилик каалайбыз.

      Ishkerdiktin-zhany-turu-el-kyzmatynda

Даярдаган:   Г.Мамытбекова