“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Туристтерге кызмат кылып каражат тапкан үй-бүлө

25 Июль 2016 жыл 18:53
Көрүүлөрдүн саны: 262

Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылынын тургуну Рая Кадыркулова менен жолдошу Нурлан 9 жылдан бери эң кооз Кошой-Конуш чөлкөмүндө 4 боз үй тигип,туристтерге кызмат көрсөтүшөт.

_DSC0135

_DSC0136

Кадыркулова Райланын айтымында алгач туристтерди тосуу тууралуу түшүнүк жок болчу. Ошентсе да бул чөлкөмдө ишти биринчилерден болуп башташкан.

_DSC0157

“Албетте, ар бир жумуштун өзүнүн кыйынчылыгы, түйшүгү жана ага жараша үзүрү бар. Сезон негизинен 25-майда тарта башталат.. Жайлоодо 25-августка чейин туристтерди кабыл алабыз. Бир турист суткасына 1200 сом акча төлөйт. Анын ичине жатакана, 3 маал ысык тамагы кирет.Бизге көбүнчө француздар,Израилдиктер жана Ош облусунун тургундары келишет. Электр жарыгы бар. Айрым туристтер кымызды тамшанып ичишсе, айрымдары такыр эле ичишпейт. 3 ай туристтерди кабыл алуудан 150-200 миң сомго чейин каражат табабыз. Бирок, дайыма эле жакшы боло бербейт.. Кээде туристтер көп келсе, кээде аз келишет. Айрым эс алуучуларга боз үй, идиш-аяк арендага берилет. Акысы 500 сом» — деди Р.Кадыркулова.

_DSC0140

 

Туристтерге кызмат көрсөтүү үчүн аларга жергиликтүү үй-бүлө жардам берет. Аларга 3 миң сомдон эмгек акы төлөп берип турат.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова