“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Каражат жоктугунан мектепте ремонт иштери токтоп турат

12 Август 2016 жыл 19:55
Көрүүлөрдүн саны: 123

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин крулуп, пайдаланууга берилгенине 38 жыл болгон. Бирок  ушул аралыкта бир да капиталдык ремонттон өткөрүлгөн эмес. Полдордун  чирип, эскирип калышы мектептин жана окуучулардын санитардык абалын сактоодо бир топ кыйынчылык жаратып келген.  Мына ушул максатта  мектептин полун алмаштыруу боюнча түрткү берүүчү грантка долбоор жазылып,   2  айдан  бери полдор алмашылып жатат.

20160811_145244

DSC_0600

20160810_104500

Аны тендерден утуп алган  “СМР-С”  жоопкерчилиги  чектелген  коому жургүзүүдө. Бирок 2-3-кабаттагы окуу бөлмөлөрүнүн полдору алмашылган соң   иш токтоду.

20160810_143916

Анткени каржы министрлиги кийинки транштагы акча  каражатын  которууну кечеңдеткен.

DSC_0669

Мектеп директору  Ч.Рысбаева бул жагдай боюнча тиешелүү өкүлдөргө кайрылып жатканын жана жакын арада маселенин чечилерин белгиледи.Албетте маселе чечилбесе 1-сентябрда окууга кирбей калуу коркунучу турат.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова