“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Асыл-тукум мал-жакшы баа болот

15 Август 2016 жыл 14:38
Көрүүлөрдүн саны: 155

Жаңы Талап айылынын тургуну Макелеев Алтынбек 1998-жылдан бери “Келечек” ветеринардык сервисинин жетекчиси болуп иштейт. Жакында эле Индонезияга мамлекеттин каржылоосу менен барып 1 ай жасалма уруктандыруу боюнча окуп, тажрыйба алып  келген. Ал жерден 4 түрдүү породадагы уйлардан 100дөн урук алып келип,  жасалма уруктандырып  жатат.

DSC_1371

Алтынбек Макелеев:  асыл-тукум уйлардын уругу жетишсиз. Азыркы учурда бизде малдарды асыл-тукум  малдардын уруктары менен    жасалма уруктандыруу жүрүп жатат. Бул асыл-тукумдардын пайдалуулугу, мисалы, биздин торпоктор 15 миң сомго бааланса, бул тукумдун торпоктору 30 миң сомго бааланат. Асыл-тукум уйлар сүт багытындагы жана эт багытындагы болуп  экиге  бөлүнөт. Салмагы 1 тонна жеткен дагы букалар болот”. ПРООНдун долбоору менен  боюнча  кайтарымсыз грант түрүндө  муздакыч, стол, шкаф ж.б келген. Каарманыбыздын айтымында коңшу айылдарга жасалма уруктандыруу боюнча элдин суроо-талабы менен барып, кызмат көрсөтүп турат.

Даярдаган:  Калида Кубанычбекова,  Айчолпон Касмалиева