“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жаңы окуу жылына жаңы мектеп

15 Август 2016 жыл 14:50
Көрүүлөрдүн саны: 301

Ак- Талаа районуна караштуу Жаңы Талап айыл аймагында жаңы мектеп курулууда. Мектеп ушул жылдын ноябрь айында ишке берилет.

DSC_1576

DSC_1594

“Жерүй” алтын кени тарабынан курула турчу 100 мектептин бири ушул Байымбет атындагы орто мектеби. Тендерди түрктөр менен биргелешкен  уюм  утуп алып, курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Мектеп 2 кабат, 4 блоктон туруп, заманбап типте спортзалы менен салынууда. Мектептен сырткары дааратканасы, отканасы салынып бүттү.

DSC_1583

Мектеп директору Тиленбаева Ажаркүл:  “Мектептин капсуласы 10-майда салынып, ошондон бери мектептин иштери үзгултүксүз жүрүп жатат. Кыргызстанда салынуучу 100 мектептин бири. Сметалык баасы 58 млн сом. Азыркы учурда мектептин  1-кабатынын терезелери салынып,  2-кабаты көтөрүлдү. Октябрь айында курулуш иштерин толук бүтүргөнгө аракет кылып жатабыз. Менин оюмча мектептин пайдубалынын 50%,  ал эми жалпы мектептин курулушу 35-40% бүтүп калды”.
DSC_1613

Ал эми  Сатындиев Нурбектин  айтымында мектептин курулушу абдан жакшы денгээлде жүрүп жатат. Буюрса 2-кабаттын  10 күн ичинде плитасын жабылат. Бул жердин шарты  жакшы 4 маал ысык тамагын берет. Жатаканасы дагы жакшы.Бул курулушта жалпысынан 50 киши эмгектенип жатат. Бул жердин эли биздин балдар окуйт деп бизге козу, кымыздарын алып келип, жакшы мамиле кылышат.

Даярдаган:  Калида Кубанычбекова, Айчолпон Касмалиева