Жаны окуу жылынын башталарына аз убакыт калды. Учурда райондун аймагында жалпы билим берүү мекемелери ремонт иштерин аяктап, 1-сентябрга даярдык көрө башташты. Адатта бул маалда атайын адистерден, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнон турган комиссия ремонтту кабыл алышчу. Бирок райондогу эн чоң базалык мектеп болуп эсептелген Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектеби 1-сентябрда окууга кирбей калуу коркунучунда турат.

Мектепте 8-августтан бери жыгач жок, полдор алмаштырылбай, сыр жок сырдалбай иш токтоп турат. Дагы 800 чарчы метрге жакын пол алмаштырылыш керек. Мына ушу маселеге байланыштуу райондун акими С.Черикбаев мектептин абалы менен жакындан таанышып чыкты.

Мектеп директору Ч.Рысбаева “жумуштар өз убагында сапаттуу жасалбай, убакытты создуктуруп жатышкандыктарын” айтты. Аким Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Турусбековго, , ремонт боюнча жооптуу тараптарга ишти тездетүүнү жана сапаттуу жасоону тапшырды. Ошондой эле 25-августта бүтпөсө кызматтык чара көрүлөрүн эскертти.
Даярдаган: Г.Мамытбекова