Жаңы-Талап айылында Гүлай Эсеналиева жетектеген аялдардын тобу БУУнун өнүктүрүү программасынын негизинде жашылчанын уруктары менен бекер камсыз болушкан. Аларды өз огороддоруна айдап, пайда табышат. Жашылчаларды туура өстүрүү, сугаруу боюнча атайын адистер келип, окууларды өтуп турушат. Ал эми айдалган жашылча-жемиштер тамчылатып сугаруу ыкмасы менен өз убагында сугарылып турат.

Бул ыкма тууралуу Гүлай Эсеналиева: мындай ыкма менен сугарууда түшүм мурункуга караганда жакшы. Буга элдин баары кызыгып жатшат. Ишке ашыруу үчүн биз 7000 сом жумшадык. Ар бир солдун өзүнө тамчылатманы коюп коебуз нымдуулукту да сактайт экен, пайдалуу, кирешеси да жакшы. Мен эч кандай жер семирткичсиз айдадым. Ал эми айыл өкмөт жактан бизге жардам болгон жок”.


Түшүмүн айылдын тургундарына сатышат жана дукөндөргө коюшат. Башка айылдардан да буйрутмалар болуп жатат. Айрым учурда райондун борборуна базарга алып чыгып сатышат.
Даярдаган: Айчолпон Касмалиева, Калида Кубанычбекова