Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин ашканасы быйылкы окуу жылында жаңы эмеректер менен камсыз болот. Учурда ашканада эски жабдууларды чыгарып, жылуулук системасын орнотуу, оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.




Мектеп директору Ч.Рысбаеванын айтымында ашканага жабдууларды ООНдун “Азык-түлүк программасы” долбоорунун негизинде коюлат. Долбоордун жалпы суммасы 1млн.сом. Мектеп ашкананы өздүк салым катары толук ремонттон өткөрүп, даярдап берүүсү керек. Ал эми өздүк салымдын суммасы 500000 сом. Ата-энелердин жардамы менен чогуган 75 миң сом да өздүк салымга жумшалат. Бул долбоордун арты менен кенже курактаы балдардын тамактануу шарты мурдагыга караганда бир топ жакшырат.
Даярдаган: Г.Мамытбекова