Баетов айылында Мэлс Турдалиевдин 80 жылдыгына карата бир туугандары жана балдары футболдук турнир өткөрдү. Эки күнгө созулган бул турнирге жалпы 15 футболдук команда катышып, байге фонду 40 миңди түздү.

Асылбек уулу Жаныбектин айтымында мындай турнир быйыл биринчи жолу өткөрүлүүдө жана мындан ары салт катары эки жылда бир ирет өткөрүлүп турат. Оюндун жыйынтыгында уюштуруучулар тарабынан жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

1- орунду “Мангел” командасы жеңип алып, 5000 сом, кубок, 2-орунга “Тайлак- 1” командасы чыгып 10000 сом жана кубок, ал эми 3-орунду РИИБмү камсыз 5000 сом жана кубок менен сыйланышты.

Ошондой эле ар бир командага Грамоталар жана оюнчулардын ар бирине медалдар тапшырылды. Мындан сырткары “Мыкты чабуулчу” деп “Тайлак-2” командасынан Бекболот уулу Бакдөөлөт, “Мыкты дарбазачы”- Жумадил уулу Жылдызбек, “Кара-Суу -2”, “Мыкты оюнчу”-ардагерлер -Нуралиев Монолго Грамоталар берилди.


Эки күндөн берки турнирдин эн жаш катышуучу деп Жумабек уулу Кудайберген табылып, ага уюштуруучулардын атынан 1000 сом акчалай сыйлык берлди. Бул оюнда калыстарга акчалай сыйлыктар жана ар бир командага топ берилип, Баетов айыл өкмөтунө ыраазычылык билдирилди.

Маалымат үчүн: Мэлс Турдалиевдин аты Маркс, Энгельс, Ленин, Сталиндин ысымдарынын баш тамгаларынан коюлган. Өз учуруннда Нарын облусунда, Ак-Талаа районунда жооптуу кызматтарда иштеген инсан болгон.
Даярдаган: Г.Мамытбекова