Кыргызстан жеке ишкердик тармагында мурдагы советтик өлкөлөр сыяктуу эле жаш мамлекет болуп саналат. Бирок акыркы жылдары орто жана кичи ишкердик өнүккөндөн өнүгүп келет. Себеби жаңы толкун заманбап жаратуучулугу менен өзгөчөлөнүп келе жатат. Мына ушинтип жоктон бар кылып, тыйынын тыйынга уруп, даяр оокатты аштабай, өз мээнети менен ишкердикке жол алган замандаштарыбызды жеке ишкер деп атап жүрөбүз. Баетов айлынын тургуну жеке ишкер Байгашкаева Сайрагүл советтик доордо дукөнчу болуп иштеген. Өзү айткандай апасынан үйрөнгөн тигүүчүлүк өнөр менен алектенип, ишкер катары эл кызматында. Жергиликтүү бийлик ишкерлерге жардам берсе дейт.




Башында эле негизи кийим тикчүмүн.Апам тикмечи болчу. Апаман жукса керек. Кесибим дукөнчү да. 25 жыл дүкөндө иштедим. Анан бая союз кулагандан кийин эле тикмечиликке өтүп кеттим. Бирок агпа чейин деле келген элдин кийимин үйдон тигип берчүмүн.2006-жылы эле жеке ишкер катары патент менен иштеп баштагам. Өкмөт жардам берсе жакшы болот эле. Кыздарды үйрөтөт элем.Мына менин жашым деле өтүп калды.3-4 кызды үйрөтүп, келин-кызым да тикмечи. Өткөрүп берет элем. Мобу имаратты сатып алыш үчүн акча керек. Кыздардан иштетсем жумуш орду түзүлөт эле.
Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бешене тери менен күнү-түнү уктабай ишкердик менен алектенген замандаштарыбыздын эмгектерин колдоп, баалап, төлөнгөн салыктарды элдин кызыкчылыгы үчүн сарамжалдуу жумшап, ишкерлерге жагымдуу чөйрөнү түзүп берүүлөрү керек. Баетов айыл өкмөт башчысы Т.Турусбеков жеке ишкерлерди колдоо боюнча жүрүп жаткан иш аракеттерге токтолду.
![DSC_1432[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/15/2016/08/DSC_14321-1024x681.jpg)
Негизи жергиликтүү бийлик жеке ишкерлерге колдон келген ар тараптуу жардамын корсөтүш керек.Биринчи эми зарыл болгон жер маселелерин чечүүдө. Ошол эле бизнес саясатында жазган долбоорлорду өткөрүүдө. Колдон келген жардамдарды берип жатабыз. Кээде жер боюнча маселелерде оорчулуктар болуп,туруп калган учурлар бар.
Ишкердик ардактуу кесип болуп саналат. Ал кайсы тармак болбосун чыгармачылыкты, талантты талап кылат. Каарманыбыз ар бир буйрутма алганда алгач аны кандай кылып тигүү керектигин ойлоном дейт.

Тигүүчулүк мага жаккан кесип, менин жашоом. Мен ушундан ырахат алам. Кээде толук айымдар келет буйрутма берип. Ошондо кандай кылма жарашыктуу болот деп ойлоном. Кээде уктабай чыгам. Тигүүчүлүктө да чыгармачылык керек.
Ишкердикке кызыккан ар бир жаран өзү кызыгып, анын өнүгүүсүнө ишенген тармакта гана жеке ишкердик менен алектенүүсү зарыл. Бирок албетте өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлобой, эли-журтуна мол тажрыйбасын сунуп, өлкөнүн өсүп өнүгүүсүнө аз да болсо салым кошот деп ишенебиз.
Даярдаган: Г.Мамытбекова