Мугалимдердин август кеңешмесинде өткөн окуу жылынын жыйынтыгы менен ишинде алдыңкы көрсөткүчтү берген билим берүү мекемелери жана агартуучулар, тарбиячылар жана оңдоп тузөө иштерин мыкты жасаган мектептер, бала бакчалар Грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Мектептин окуу-техникалык базасын чыңдоо максатында эң көп инвестиция тарткан жана долбоорлор менен тыгыз иш алып барган Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектеби “Мыкты мектеп-2016” наамын жеңип алды.

Ал эми “Мыкты мектеп музей” деп Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинде уюшулган музей аныкталган. Ошондой эле “Мыкты спорт аянтча”- сыйлыгына Ж.Сатылганов мектеби татыктуу болду. Билим берүү мекемелеринде жаш муундарга тарбия, билим берүүдө чыгармачылык менен эмгектенген мугалим жана тарбиячылар да ар кандай номинацияларда сыйлыктарга ээ болушту:

“Мыкты уюштуруучу” –Ч.Акималиева

“Мыкты насаатчы” –А.Осмонова
“Мыкты чыгармачыл мугалим”- Т.Куреенкеева
“Мыкты тарбиячы”-Р.Мурзакулова
“Мыкты социалдык педагог”- Ж.Шырдакова
“Мыкты директор”- М.Исамамбетова
“Мыкты завуч”-М.Итигулов
“Мыкты жаш уюштуруучу”- А.Медеров
Жаңы окуу жылына карата мыкты даярдыктар менен оңдоп түзөө иштерин жогорку денгээлде жасаган мектеп жана бала бакчалар да билим берүү бөлүмүнүн жана мугалимдердин кесиптик бирлигинин акчалай сыйлыктарын жеңип алышты.


Даярдаган: Г.Мамытбекова