Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылынын 52 жаштагы тургуну Жеңишбек Оконов 20 жылдан бери 4 комбайн курап, аларды дан эгидерин жыйноого колдонуп келет.
Аталган механизатордун үйүндө учурда 2 трактор, 1 чөп чапкыч комбайн, 2 дан жыйноочу комбайн, 2 урук себүүчү сеялка жана башка айыл чарба техникалары бар. Ал айылдагы 3 адамды жумуш орду менен камсыз кылган. Өзүнүн эмгектери туурасында төмөнкүдөй ой бөлүштү.

«Тээ союз кезинен бери эле техника менен алпурушуп келе жатам. 20 жыл ичинде 4 комбайн курап чыктым. Комбайндарды, эски бузулуп калган комбайндарды арзан баада сатып алып, бир-бири менен кураштырып чыгып, төртөөнүн экөөсүн сатып жибердим. Негизинен, дан эгиндерин жыйноо менен алектенем. Эгин жыйноо мезгилинде бери дегенде эле 400 гектар аянттан ашык эгин чабам. Ары жагы Кош-Дөбө, бери жагы Кара-Бүргөн, Жерге-Тал айылдарына чейин барып чаап келебиз. Учурда 3 жумушчум бар. Мына ушундан 400 миң сомдон ашык каражат иштеп табам. Анын 250 миң сому техникалардын тетиктерине жумшалат. Кудайга шүгүр. иштеп жатабыз. Акча жок дебей минтип аракет кылып, жоктон бар кылып, техникаларды курап, эмгек кылып жатабыз» — дейт механизатор Ж.Оконов.
Даярдаган: Г.Мамытбекова