“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Каржы сабаттуулугун жогорулатуу-жакырчылыктан чыгуунун жолу

1 Сентябрь 2016 жыл 21:38
Көрүүлөрдүн саны: 127

Каржылык сабаттуулук- биринчи кезекте адамдын каржылык чечимди кабыл алууда анын кесепеттери менен тобокелдиктерин эсептеп чыгууга зарыл болгон маалыматы.  Учурда көпчүлүк эл   насыя  менен тиричилик өткөрүп жатканы белгилүү. Бирок  каржылык сабаттуулуктун  жоктугу    насыя алууда кыйынчылыктарды жаратууда. Баетов айылынын тургуну Чекирова Турдубу  айылдыктар көпчүлүктүн шары менен насыя алып алышып, төлөөгө келгенде ар кандай жагдайларга туш болууда дейт:

20160831_192954

Насыя алууда кыйынчылыктар болгонун байкап жүрөбүз. Айылдагыдлар, иштебей отургандар түшүнбөй туруп эле элдин шары менен алып алышат. Насыя боюнча билиминин жоктугунан  көп кыйынчылыкка дуушар болуп жатканын көрүп жүрөбүз.Айрым үй-бүлөлөр ажырашып кетип жатышса, айрымдары төлөй албай башка жака үй-бүлөсүн таштап иштеп кетип жатышат.  Мына ушундай проблемалар биздин турмушубузда аябай көйгөйлүү маселеге айланып бара жатат.

Экономиканын азыркы заманбап өнүгүшү керектөөчөлөрдүн укугун коргоо жана элдин каржылык сабатын жогорулатуу канчалык зарыл экенин көрсөтүп турат. Мындан улам каржылык сабаттуулук уламдан-улам актуалдуу маселеге айланууда. Баетов айылынын жашоочусу Максат Жукеш уулу  жакырчылыктан чыгуунун негизи кыймылдаткычы  каржылык сабаттуулукту жогорулатуу деген ойдо:

Каржылык сабаттуулук-учурдун талабы болуп, жашоодогу өзүнүн ордун баса белгилеп келе жатат. Каржылык сабаттуулуктун жоктугунан туура сарптоону билбей, өзүбуздү-өзүбүз карызга батырып жатабыз. Карыздан кутулабыз деп короодогу койлорун сатып жибергендер бар.Акчаны табуу эмес туура пайдалануу жөнундө түшундурүү иштери зарыл деп ойлойм. Жакырчылыктан чыгабыз деп ураан кылып журөбүз. Сабаттуулукту жоюну- ошондон чыгуунун рычагы деп билем.

 Улуттук статистикалык комитеттин  маалыматына караганда   Кыргызстанда чакан насыяларды айыл тургундары, анын ичинен аялдар  көп алышат. Ошол себептүү   каржы сабаттуулугу  боюнча алыскы айылдардын тургундары, иштебей уйдө отурган замандаштарыбыз  үчүн  семинар окуулар өтүлүп турса  жакшы болмок дейт каарманыбыз:

Негизги себеби каржылык  сабаттуулуктун жоктугу деп билем. Ушу боюнча өзгөчө айыл жергесиндегилер үчүн окууларды өткөрүп турса жакшы болмок.

Каржылык сабаттуулукту жогорулатуу керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоочу кошумча мүмкүндүк болуп эсептелет. Албетте каржылык сабатуулук каржылык билим берүүнүн натыйжасында жогорулары белгилүү. Андыктан ар бирибиз акча каражатын туура пайдаланууга үйрөнүү үчүн каржылык сабаттуулукту жогорулатууга аракет кылалы.

      karzhy-sabattuuluk-1

Даярдаган:   Г.Мамытбекова