Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Ак-Талаа районунда ар кыл тармакта өз салымдарын кошкон бир катар инсандарына райондун “Ак-Талаа районунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Алар:




Н. Мамбетакунов, А.Мурзалиев, С. Касымбаев, К.Аталыков, Б. Мамытбеков, Ж. Ыкласов, Ж. Байсеркеев, К. Осмонбетов, Э. Беделов, Б. Айтмолдоев, Н.Жумагулов, З. Турдукулов, Жаңылбүбү Мусамамбетова, Т. Күреңкеев, К. Турганов, Т. Исмаилов, Н.Дайынов, Р. Акматбеков, К. Бозалаев, Ж. Чодолдоев ж.б.



Ошондой эле Тарых жана маданият жылынын урматына карата Ак-Талаа районунун Соң-Көл жайлоосунда өткөрүлгөн «Манас, маданият жана туризм» фестивалынын уюштуруучуларына Ардак грамоталар тапшырылды. “Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча” мамлекеттик дирекциясынын Ардак грамотасы менен акимдин орун басары Жылдыз Мамбетова, райондук маданият үйүнүн жетекчиси Бурул Дүйшеева жана маданият бөлүмүнүн көркөм жетекчиси Бекжан Карасартов сыйланды.
Даярдаган: К.Кубанычбекова