“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ш.Бейшеналиев атындагы мектепте окуу башталды

3 Сентябрь 2016 жыл 20:06
Көрүүлөрдүн саны: 562

Жайкы мезгилдеги ремонт иштеринин ар кандай себептеринен улам кечеңдеп,  жаны окуу жылына кирбей калуу коркунучунда турган Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев мектеби  1-сентябрда окуу процессин баштады.

DSC_2144

DSC_2152

Салт катары өтүлүүчү бул иш чарага райондун акими  С.Черикбаев, билим берүү  бөлүмүнөн, айыл өкмөттүн  өкулдөрү жана ата-энелер, окуучулар, мугалимдер катышты.

DSC_2156

DSC_2169

DSC_2186

Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы  Ч.Сатындиева өткөн окуу жылындагы ийгиликтерге токтолду. Ал эми аким  С.Черикбаев мектеп үчүн мамлекет тарабынан жасалып жаткан иштерге кенири токтолуп, жаш муундарды Ата Мекенди сүйүүгө, жакшы билим алууга чакырды.

DSC_2219

DSC_2201

Иш-чарадан соң аким  окуу бөлмөлөрүнө баш багып, тарбиялык сааттарга  катышты. Ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана мугалимдер менен пикир алмашып, жаңы окуу жылына ийгиликтерди каалады.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова