“Кенч Строй” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси, жеке ишкер Кылыч Исамамбетов Баетов айылынын түндүк тарабындагы Түлкү-Сарай чөлкөмүнө атайын даярдалган көлмөгө 25 миң даана түстүү форелдин чабактарын коё берип, айыл чарбасына дагы бир балык чарба кошо алды. Түстүү форелдин чабактары Токмоктон атайын балык чарбаларынын биринен алынып келинген.


Чабактардын чоңураагы 7-8 сантиметрди түзсө, кичинекейлери 3-4 сантиметрди түзгөн чабактарды багууну мыкты чарбакер Жылдызбек Сыдыков өз мойнуна алган.

“Мен буга чейин балык багууну максат кылып, бул чөлкөмгө узуну 55 метр, туурасы 8 метр, тереңдиги 1,5 метрди түзгөн көлмө жасап, айланасын тосмолоп, электр жарыгын коюп, кыскасы даярдап койгом. Бирок, каражатым жок болгондуктан улам, балык бага албай келгем. Быйыл, К.Исамамбетов менен таанышып калып, бул ишкер жигит дагы балык өстүрүүнү пландап жүргөн экен. Экөөбүздүн оюбуз бир жерден чыгып, минтип чабактарды алып келип коё берди. Мен багуусун милдетке алдым. Кудай кааласа, балыктар чоңоюп, сатылса түшкөн каражаттын 30% олжолойм” дейт Жылдызбек
Балык багуу деле оңой-олтоң жумуш эмес. Күндө 3 маал жемин берип, суунун үстүн ар дайым таза кармап, көлмөгө балыктарга жагымсыз ар кандай заттардын түшүп кетпешинен коргоо иши оорчулук жаратчудай. Жылдызбектин айтымында бир маал 200 граммдан гана жемин берилсе, улам чоңойгон сайын анын граммын дагы көбөйтүү зарыл. Эгерде, мыктылап бакса, 10 ай ичинде балыктар сатыкка жарап калат. Бул убакытта 1 балык 1 килограммга чейин эт бергидей болуп өсөт. Ал эми суу кышкысын -0 градустан кем болбой, бери дегенде 3-4 градус жылуу болуп туруусу, ал эми жайкысын 20-25 градуста гана кармап туруусу зарыл.
Даярдаган: Г.Мамытбекова