“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Үй канаттууларын баккан Жылдызбек

11 Сентябрь 2016 жыл 7:29
Көрүүлөрдүн саны: 251

 

Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 40 жаштагы тургуну Жылдызбек Сыдыков Түлкү-Сарай чөлкөмүндө 8 жылдан бери үй канаттууларын багып келет.

«Иш жок деп жок шылтоо айтпай, аракеттенип оокат кылып жатабыз. Мындан 8 жыл мурун ушул жерге атайын чарба уюштуруу максатында чакан там салып, үй канаттууларын багып баштагам. 30 тоогум бар, анын ичинде брома породасындагы тооктор да бар. Каз багууну 2 жыл мурун баштап, 9 каз багып жатам. Ал эми, өңү кызыл үндүктөрдү жаңы багып баштадым.

????????????????????????????????????

????????????????????????????????????

????????????????????????????????????

Буга чейин 30дан ашык өрдөк багып келгем. Бирок, балык чарба ачылгандан бери аларды жок кылдым. Себеби өрдөк балыктардын чабактарды жеп коет экен»-дейт Жылдызбек.

????????????????????????????????????

Тооктун жумурткаларын сатат. Андан сырткары, жаңы жылдын астында 1 үндүктү 1 миң сомдон 1,5 сомго чейин баа болот. Аз дегенде эле 20 үндүк сатылат. Кышкысын  мындан сырткары мал семиртип сатат. Фермер 2 уул, 3 кыздын атасы.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова