“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Көңүл бургула, балдар!

15 Сентябрь 2016 жыл 18:22
Көрүүлөрдүн саны: 111

Ак-Талаа районунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын  болтурбоо жана алдын алуу  максатында 1-сентябрдан  бери   “Көңүл бургула, балдар!”  аталышынддагы рейд журүүдө.  Аталган иш чаранын алкагында айдоочулар арасында, эл көп чогулган жерлерде түшүндүрүү иштери жүргузүлүп, РИИБнүн ПМ тобунун кызматкерлери тарабынан жылып жүрүүчү 2 пост уюштурулган.   Ак-Талаа РИИБ боюнча  патрулдук милиция тобунун жол кыймылы коопсуздугунун  ага тескөөчүсү Т.Иманалиевдин айтымында бул рейд 20-сентябрга чейин өткөрүлөт жана мектептерде  окуучулар, ата-энелер, мугалимдер арасында жол кыймылынын коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлөт.

Урматтуу айдоочулар! Жолдо жүрүүдө, автоунаа башкарууда абайлаңыздар!

Даярдаган:  К.Кубанычбекова