Учурда жаштар арасында каржылык сабатсыздык көйгөй боюнча кала берүүдө.Ошол себептүү насыя алган, толөй албай карыз болгон же жөн гана тапкан акча каражатын пайдалуу жумшоону билбеген жаштардын саны күн санап өсүүдө. Каржылык сабаттуулугун жогорулатуу,бул жеке каражаттарын башкаруу билими экендигин түшүнгонүбүз менен иш жүзүндө башка жыйынтыкты алып жатканыбыз өкүнүчтүү. Баетов айылынын тургуну 20 жаштагы Дөөлөтбеков Азамат жаштар көп каражат тапканы менен пайдаланууну билбейт. Жаштар уюмдары атайын окууларды өтсө деген ойдо.

“Жаштарыбыз көп жерде иштеп, көп каражат табышат. Бирок айлык маяналарын кайда жумшоону билбей, туура эмес нерселерге да жумшагандар да бар. Айыл жергесинде көп кездешет. Анткени билим денгээлибиз да ылдыйраак болгонуна байланыштуу.Үй бүлөлүү жаштар деле туура багытка пайдаланганды билбейт. Анткени каржылык сабаттуулук жок.Айылда бул маселени жоюу үчүн кеңешме өтсө, жаштар катышып, пландаганды үйрөнөт беле. Эми мындай ишти жаштар уюму уюштурса. ”
Өлкө калкынын финансылык сабаттуулугунун жогорку деңгээли мамлекеттин экономикасына сыяктуу эле, анын жарандарынын бакубат жашоосуна да оң таасирин тийгизет. Мисалы, үй-бүлөлүк бюджетти туура пайдалануу менен финансылык бакубаттуулукту жогорулатат, пландаштыруу чөйрөсү кеңейтилет, үй-бүлөдө финансыларды тескөө жөндөмдүүлүгүнүн өнүгүүсүнө шарт түзөт. Каржылык сабаттуулук-үй-бүлөлүк бюджеттин тен салмактуулугу дейт Баетов айылынын тургун Кайыпназарова Светлана.
Адам өз муктаждыктарын канааттандыруу үчүн башкача айтканда керектүү буюмдарын алуу үчүн базарга же дүкөнгө барардан мурда ал зарыл өлчөмдөгү акча иштеп табуусу керек да. Азыркы күндө жаштар акчаны көп өлчөмдө тапсак эле болду деп ойлойбуз. Бирок бул жанылыш ой. Каржылык сабаттуулук бул көп акча табуу эмес. Эмгек менен тапкан акчаны туура керектөөгө негизделген. Каржылык сабаттуулуктун өзөгүн үй-бүлөлүк бюджет түзөт.Анан ар бир ар бир маселеге сабаттуулук менен мамиле кылса кен келечекке жетебиз деп ишенем.
Айыл жергесинде жаштардын сабаттуулугун жогорулатуу үчүн атайын иш чараларды кабыл алуу өткөрүү зарыл болгону менен баары каражатка байланыштуу экенин Ак-Талаа райондук жаштар комитетинин төрагасы Тимур Токторбек уулу кошумчалады.

Ак-Талаа райондук жаштар комитети каржылык сабаттуулук боюнча чынында эч кандай иш алып барган жокпуз. Бардыгы каражатка барып такалат экен. Албетте каржылык сабаттуулук керек. Буюрса ушу маселеге байланыштуу иш чараларды өткөрүүгө аракет кылабыз
Каржылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу, жеке каражаттарын башкаруу боюнча билими менен бөлүшүү үчүн жаштарга шарт түзүү учур талабы. Дал ошол билим болочок муунга ийгиликтүү жана бакубат жашоону камсыздоодо критикалык фактор болуп эсептелет.
Даярдаган: Г.Мамытбекова