“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Баетов айылында бир жумада 30 тонна таштанды чыгат

20 Сентябрь 2016 жыл 18:00
Көрүүлөрдүн саны: 134

Баетов айылында  эки жылдан бери  “Баетов таза аймагы”  муниципиалдык ишканасы айыл ичиндеги таштандыларды чыгаруу кызматын аткарат. Учурда ишканада үч киши иштегени менен жумасына бир ирет   25-30 тоннага жакын таштанды чыгарылат.  Жыл башында жергиликтүү бюджеттен ишканада иштегендерге  айлык акы жана башка  таштанды чыгаруу, күйүүчү май кызматтары  үчүн 400миң сом акча каражаты бөлунгөн.

dsc_2297

Аталган ишкананын жетекчиси М.Жетигеновдун айтымында таштанды чыгаруучу унааны жалдашат. Ошондой эле унаанын ар бир рейсине 250 сомдон акча төлөшөт жана 10 литр күйүүчү май куюп беришет.

 

Даярдаган:  Г.Мамытбекова