Бүгүн Баетов айылындагы Адилет атындагы паркта спорттун 4 түрү боюнча турнир башталды.Аталган турнир Адилет Карасартов элесине арналып, достору тарабынан уюштурулду. Быйыл 6-ирет өткөрүлүп жаткан турнирдин ачылышына атасы С.Карасартов, райондук администрациянын башчысынын орун басары Ж.Мамбетова, жоро-жолдоштору жана оюнчулар катышты. Алгач арбагына багышталып,куран окулуп, андан соң келгендер иш-чаранын максатына токтолушту.




Ак-Талаа району боюнча спорт инспектору М.Чырмыевдин айтымында волейбол, футбол боюнча 11 команда катышып жатат. Ал эми байге фонду 30миң сомду түзүп, аны жолдоштору-классташтары демөөрчүлүк кылышууда. Өкүндүргөнү жыл сайын катышуучулардын санынын азайып баратышы. Бул турнирди өткөрүүнүн негизги максаты-Адилет Карасартовдун атын өчүрбөй, анын атын, эрдигин даназалоо болсо. Экинчиси жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу. Бул турнир жыл сайын 23-сентябрь Адилетти эскерүү катары өткөрүлүп келет. Спорттук мелдеш эки кунгө созулуп, 23-сентябрда туулган күнүндө жыйынтыкталат. Оюндун жеңүүчулөрүнө баалуу белектер жана өтмо кубок тапшырылат.
Эскерте кетсек; Карасартов Адилет 2010-жылы 7-апрелде курман болгон. Тирүү болгондо 31 жашка чыкмак.
Даярдаган: Кубанычбекова Э. Тажиева А.
Сурөттү тарткан: Эсеналиев Урмат
Тренер: Тазиева Э