Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде кошумча спорт аянтчасынын курулушу 2015-жылдын күз айларынан бери токтоп турат. Алынган маалыматтарга караганда бул кичи футбол аянтчасы болот.

Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Турусбеков: “ Бизде курулуш иштерине кезек менен тендер жарыялайбыз. Аталган спорт аянтачсына жарыяланган тендерди жеке ишкер Улан Шерипбек уулу утуп алган. Жакын арада 178миң сом акча каражатына курулуш иштери башталат” дейт. Белгилей кетсек бул каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.
Сынак үчүн даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай
Тренер: Тажиева Эльнура