“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаа районунун аймагында оперативдүү-профилактикалык иш чаралар өтүүдө

22 Сентябрь 2016 жыл 18:04
Көрүүлөрдүн саны: 149

Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрынан баштап 1-октябрга чейин райондун аймагында коомдук коопсуздукту сактоо, көчө кылмыштарын алдын-алуу, жол коопсуздугун  сактоо, жол кырсыктарынн болтурбоо жана алдын алуу максатында   “Укук-Тартип”  аталышындагы  оперативдик—профилактикалык иш-чаралар  өтүүдө.  Ак-Талаа РИИБ боюнча ПМ тобунун ЖККнун ага тескөөчүсү  Т.Иманалиев:  “Аталган иш-чаранын алкагында мындан сырткары өспүрүмдөр   арасында   жана РИИБнүн каттоосунда турган жарандар менен  түшүндүрүү иштерин жүргүзүлөт. Бул боюнча бөлумдө жетекчиликтин буйругу жана иш-мерчемдери иштелип чыгып,үч зонага бөлүнгөн өздүк курам түзүлдү” дейт. Өздүк курам көчөдө, коомдук жайларда эч максатсыз жургөн жарандарды аныктап, райондун аймагындагы кылмыштарга бөгөт коюу иштерин жургүзөт.

Даярдаган:  Кубанычбекова К