“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ачык асман алдындагы көчө китепкана

23 Сентябрь 2016 жыл 19:42
Көрүүлөрдүн саны: 317

Нарын облусунун, Ак-Талаа районунун, Баетов айылында  маданият үйүнүн алдында ачык асман  алдындагы көчө китепканасы ачылды.

img-20160923-wa0001 img-20160923-wa0007
dsc_2331 Баетов айылынын маданият үйүнүнүн алдында 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын тил күнүнө карата ачык асман алдындагы көчө китепканасы ачылды.Биздин «Тун-Ук» ЖМБ кабарчылары барып көчө китепкана жөнүндө китепканачы Молдакунова Зоя менен маектештик :

dsc_2342

1.Бул ачык асман алдындагы көчө китепкананын максаты кандай?

“Негизги максаты”-китеп окубаган жаштарды ушул жол менен китепке тартуу,китеп менен өскөн бала кийин өзүнүн жолун таап,келечекте бир мыкты-мыкты инсандардан болуп  чыгат.Кыргыз элине жакшы кызмат кылган жана китеп көп окуган бала эч кимге кор болбойт,тарбиясы жакшы болот, жана баардыгы идеялдуу болот. Ошон үчүн ачык асман алдындагы китепкананы уюштуруп атабыз.

img-20160923-wa0006

2.Бул иш-чара кечээ ачылыптыр жана кечээтен бери канча окурман келди?

Кечээтен бери 100гө  жакын окурман тейледик.Себеби 23-сентябрь тил майрамына карата ачык асман астында “ТИЛ”-деген темада адабия кечээ өткөрдүк.Кечэге дагы көп окурмандар келди.Мындайча айтканда 100гө жакын окурман келди.

dsc_2329

3.Ачык асманда китеп окуу идеясы каяктан келди?

Чоң-чоң шаарларда ,ОШто көрүп атабызда парктарда уюштуруп атышат да.Анан бизде ачык асман алдындагы китепкананы паркта уюштуралы десек, ал  чет жакта жайгаштыгына байланыштуу ошол үчүн өзүбүздүн эле маданият үйүнүн алдына уюштуруп атабыз.Биздин айланабыз эң ыңгайлуу.Мисалы: арчалар,гүлдөр отурузулган,ошон үчүн өзүбүздүн эле маданият үйүнүнүн алдына уюштурдук.

4.Бул иш-чараны мурдатан бери өтүп жүрдүңүздөр беле же азыр эле уюштуруп жатасыздарбы?

Эми мурдатан бери көп эле иш-чараларды өткөрүп келгенбиз,ачык асман алдындагы китепкананы жаңы эле баштадык.Муну жөн эле калтырбастан мисалы мектептердин,бала бакчалардын аянтчаларына ачык асман алдындагы китепкана деп уюштурсакпы деген пландарда бар.

5.Ачык асман алдында окурмандар кандай мазмуундагы китептерди окуй алышат?

Ачык асман алдындагы китепканадан окурмандарыбыз кыргыз тилиндеги ар кайсы мазмундагы китептерди окуй алышат.”Агахан” фондусунан былтыр 50 миңге жакын жаңы жомоктор китептерин алганбыз,орус  тилиндеги жомоктор,ар түрдүү энциклопедиялар,адабий-көркөм чыгармаларды жана газета,журналдарды окуй алышат.

dsc_2324

6.Окурмандарга кеңешиңиз

Окурмандарга кеңешим келип окугула,китеп окусаңар көптү билесиңер,көп нерсеге үйрөнөсүңөр,келечегиңер кең болот,китепкана менен байланышта болгула деп кеңеш берет элем.

Сынак үчүн даярдаган:   Тажиева Аима

Редактору:    Касмалиева А