“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Бала бакчанын жаңы имараты колдонууга берилет

27 Сентябрь 2016 жыл 14:21
Көрүүлөрдүн саны: 147

Ак-Талаа районунун Терек айылында  75 орунду   жаңы бала бакча салынып,  25-октябрда колдонууга берилет. Аталган бала бакча Жерүй долбоорунун   негизинде үстүбүздөгү жылдын апрель айында курулуп башталган. Терек айыл өкмөтүнүн  башчысы    Казиев Улан  курулуш иштери боюнча бир нече суроолор менен кайрылдык:

dsc_2400-1

          -Бала бакча канча каражатка салынды?

  • Жалпысынан курулушка 28 миллион сом. Ал эм сарпталды. Айыл өкмөттүн бюджетинен ички инвентарына 20миң сом бөлүндү.
  • dsc_2429
  • Бир баланын акы төлөмү канчаны сомду түзөт?
  • Тамак-аш үчүн ата-эне тарабынан айына 250 сом төлөнсө, мамлекет тарабынан 250сом берилет.

dsc_2449

  • Терек айылын тургундарынын көз караштары кандай?
  • Жакшы көз карашта деп ойлойм. Эски ген. план боюнча бала бакчанын орду ошол жерге көрсөтүлгөн экен. Көп жылдан бери  элдер ал жерди огород кылып пайдаланып жүргөн экен. Анан бул курулушту туура түшунүп, өз огороддорун бөлүп беришти.
  • Бул бала бакчанын эски  бала  бакчадан эмне айырмасы бар?
  • dsc_2474
  • Биздин мурунку бала бакчабыз шарты жок, балдар тар, суук жерде тарбияланса, 40 орундуу болсо,азыркы салынып жаткан  бала бакча бардык шарттары менен болот.

Даярдаган: Касымалиева Айчолпон, Адина Айылчиева