“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Комуз чапкан оңой өнөр эмес

27 Сентябрь 2016 жыл 12:23
Көрүүлөрдүн саны: 237
  • Бактыгул Акунов Ак-Талаа районунун Баетов айылынын жашоочусу.  Бош убактысында кыргыздын улуттук  аспабы комуз чабуу менен алектенет. Өзү жасаган  комуздардын айрымдарын сатса, жакындарына белекке да берет.  Буйрутма менен жасаган учуру да болот.

20160924_154808

  • Айтсаңыз, сизге бул өнөр кимден калган?
  • Комуз чабуу өнөрүн эч кимден калган эмес. Мен бул өнөрдү өзүмө келген талант го деп ойлойм да. Нурак Абдрахманов менин устатым болгон. Башында ал күү эле чертип жүрчү, андан кийин комуз чаап баштаганда мен кызыгып калып, мен да жасап баштадым.
  • Үй-бүлөөдө сизден башка дагы ким комуз чабуу чабат?
  • Үй-бүлөдө   азырынча   менден бөлөк  эч ким   бул иш менен  алектенбейт. Балким неберелеримден жасачулар чыгып калар.
  • Комуздарды кандай материалдардан материалдардан жасайсыз?
  • Комуздарды негизи арча ,карагай, өрүктөн, жангактардан, кара жыгачтаннегизи катуу жыгачтан жасалат. Кээ бир материалдар колдо жок болуп калат. Курап да жасап калган күндөр болот.
  • 20160924_154834-kopiya-kopiya
    • Кайда сатасыз жана баасы канча?
    • Баасы жасалышына, материалына карап коюлат. Негизи 3000 сомдон өйдө.
    • Бул жумуштун кандай кыйынчылыктары бар?
    • Комуз жасоо оңой эмес, көп эмгекти талап кылат. Башка жумуштарым болгондо кыйналып калам. Өз ишиңди сүйүп жасасаң кыйынчылыгы деле болбойт деп ойлойм.
    • Заказ алып жасайсызбы?
    • Оа, бирок мен жаңы жасап ,баштагандыктан көп деле заказ ала элекмин.
    • Кайсы кесиптин ээсисиз?
    • Мен өзүм дене тарбия мугалимимин, армиядан келгенден баштап пенсияга чыкканга чейин дене тарбиядан сабак берип иштедим.  Азыркы учурда комуз жасоо менен алектенем. Ал эми комуз  чапкан өзүнчө эле хоббим.

     Сынак үчүн даярдаган: Аима Тажиева

    Тренер: Касымалиева Айчолпон