Теңир-Тоо тоолуу жана шарты катаал аймак болгондуктан кышка даярдык эрте башталат. Ак-Талаа району боюнча жалпы орто билим берүүчү 18 мектеп жана 21 бала бакча бар. Райондогу 7 мектеп электр от казандары, калган 11 мектеп көмүр менен жылыйт.

Билим берүу мекемелеринин кышка даярдыгы боюнча Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Чиркеев буларды билдирди: мектеп жана бала бакчалар мурда районого карачу. Азыр айыл — өкмөттөрүнө тиешелүү. Учурда көмүр өндүрүүчү фирмалары менен макулдашып келишимдерин түзүштү. Көмүр тартылып келинип жатат. Бирок толук камсыз болуп бүтө элек. Бүгүнкү күндө Кызыл-Белес, Жаны-ТалапАк-Кыя айылындагы метептерде жана бала –бакчаларына көмүр түшүрүлдү.Кышка даярдык 80 пайызды түзөт.
Сынак үчүн даярдаган: Эркинбек кызы Нуркыз, Тынчтыкбек кызы Гулнур .
Редактору: Тажиева Эльнура