Света эженин кесиби мугалим. Кесибине байланыштуу жаныбарларды, куштарды анын ичинен тотукушту абдан жакшы көрөт.

Акыркы үч жылдан бери үйүндө түгөйлүү тотукуш багат. Биринчи көк түстөгү ургаачысын, жалгыз болбосун деп андан кийин эркек тотукушту атайын Бишкек шаарынан алып келген.


Алар кадимкидей эле акталган жана акталбаган таруу менен тамактанат. Жемге атайын атайын таш, жыгач отундун көмүрү жана кумдан кошуп беришет.

Света эже: эки маал жем, суу берип, күнүгө алдын тазалап, кургактап турат. Жеми же суусу түгөнүп калса же каралбай калса өздөрү чырылдап, жаны тынбай сайрашат, ары-бери чуркашат, жем салгычтарын түртүп салышат. Андай учурда өтө агрессивдүү болуп калышат. Үйгө киши-кара келип калганда чурулдашат. Байкасам булар да тынчтыкты сүйөт экен. Үн чыгарсам булар мага үн кошот. Ошентип сүйлөшөм дейт.

Айрыкча таң агарып келатканда жана кечинде сайрашат. Тотукуш турган жерде атайын күзгү коюлган. Күзгүдөн көбөйүп көрүнгөн тотукуштар бири-бирин кызганып, кадимкидей кыял көрсөтүшөт.
Сынак үчүн даярдаган: Эльвира Кубанычбекова
Редактору: Эльнура Тажиева