“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Токойчунун үйү оңдолуп жатат

29 Сентябрь 2016 жыл 17:56
Көрүүлөрдүн саны: 139

Ак-Талаа райондук токой чарбасынын Үгүт айылындагы кызматкеринин үйү 1958-жылы курулган. Бул аралыкта үйгө оңдөп-тузөө иштери жүргүзүлгөн эмес.

_dsc0224

Учурда эл аралык уюмдун колдоосу менен оңдоп-түздөөдөн өтүп, заманбап откана курулуп жатат.

_dsc0221

Оңдоо иштерине райондук токой чарбанын фондунан дагы 109 миң сом бөлүнгөн.  Долбоордун Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча координатору К.Сүйүндүковдун берген маалыматына караганда негизги максаты токой өстүрүү, жана жер ресурстарын туруктуу башкаруу  сыяктуу    4 компоненттен турган бул долбоор 2015-жылдан бери иштеп жатат.

_dsc0232

Учурда оңдоо иштери менен катар райондун айылдарынан чогулган 18 жигитке заманбап курулуш иштерин жүргүзүүнү акысыз үйрөтүп жатышат.

Эскерте кетсек,  токой чарбанын кызматкери   4 миң гектардан ашуун токойго көзөмөл жүргүзөт.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова