Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов 1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата 100 жаштан ашкан кары адамдар Анипа Баймурзаеваны жана Зулайка Шайылдаеваны куттуктады.

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну, 105 жаштагы Анипа Баймурзаева 10 уул-кызы, 66 небере, 198 чөбөрө, 30 кыбырасы бар. Көп жылдар бою Учкун колхозунда эмгектенген.
Ал эми Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылынын тургуну Зулайка Шайылдаева быйыл 100 жашта. Кары адамдын 9 баласы, 40 небереси жана 16 чөбөрөсү бар.
Кылым жашаган апаларга облус башчысы каалоо-тилектерин айтып, куттуктап, белектерин тапшырды.
Учурда облус боюнча 100 жаштан ашкан 29 кары адам бар.
Эскерте кетсек маалымат өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан алынды.