“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ала-Буга дарыясына көпүрө курулду.

2 Октябрь 2016 жыл 20:10
Көрүүлөрдүн саны: 251

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы эң ири Ала-Буга  даряасына узундугу 20 метрлик темир көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди.
img_0814-2 img_0815-1 img_0821-1Чолок-Кайың, Жерге-Тал жана Коңорчок айылдарындагы мал-жандыктарды Арпа жайлоосуна алып барууга ылайыкталган көпүрө Ала-Буга дарыясынын Ботокей жана Миң-Бугу чөлкөмдөрүн байланыштырат.

Көпүрөнүн курулушуна «CAMP Ала-Тоо» уюму тарабынан 550 миң сомдук темир материалдар алынып, курулуш иштерин жергеликтүү тургундар өздөрү жүргүзгөн. Андан сырткары, Чолок-Кайың айылынан чыккан жеке ишкер Азамат Мурзалиев 3 тонна цемент жана 140 миң сом каражат берип демөөрчүлүк кылган. Мындан тышкары, көпүрөнүн эки жээгин бекемдөө максатында кошумча дагы 13 метрлик көпүрө курулган.

img_0788-1

Көпүрөнүн чылыш аземине  Чолок-Кайың айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлмайрам Үчүгөнөва баш болгон бир катар жергиликтүү тургундар жана аталган уюмдун өкүлдөрү катышты.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова