Баетов айыл өкмөтү тарабынан 1-октябрь улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата 70 жаштан жогору 200 гө жакын адамдарга сый тамак берилди.

Жыл сайын өткөрүлүүчү иш чарага акимдин орун басары Жылдыз Мамбетова, айыл өкмөт башчысы Талант Турусбеков жана айылдык кеңештин төрагасы Курманбек Абакиров катышып, карыларды майрамы куттукташты.

Сый тамак үстүндө карыларга арналып чакан концерттик программалар тартууланды.
Даярдаган: К.кубанычбекова